Өзбекстан эмдөөдөн өтпөгөн 26 миң жаранды кызматтан кетирди
RU

Өзбекстан эмдөөдөн өтпөгөн 26 миң жаранды кызматтан кетирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстан коронавируска каршы эмделбеген жарандарды жазалай баштады.

Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, 26 миңден ашуун жаран вакцина албаганы үчүн убактылуу жумуштарынан бошотулду. Бул август айынан берки маалымат экени айтылат. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик жана менчик субъектилерде 28 миңге жакын текшерүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында 50 миң кызматкер вируска каршы вакцина ала электиги маалым болгон. 2225 учур боюнча айып пул салынып, 179 объект ишин убактылуу токтоткон.

Буга чейин Ташкент облусунан эле 3200 киши эмделбегени үчүн кызматтан алынганы кабарланган.

Өзбекстандын парламенти вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун июлдун соңунда жактырган. "Мындан ары эч кандай олуттуу себеби жок эмдөөдөн баш тарткан кызматкерди иштен алууга уруксат берилет", - деп жазган спикер Алишер Кадыров өзүнүн "Телеграм-каналында".

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4412