Centerra Кумтөрдөн баш тартпай тургандыгын жар салды
RU

Centerra Кумтөрдөн баш тартпай тургандыгын жар салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Centerra Gold Inc. Кыргызстандык министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун комментарийинен кийин жаны билдирүүсүн жар салды.

"Биз өзүбүздүн маалыматтык билдирүүбүздө позициябызды так жеткирдик. "Кумтөр голд компани" Centerra Gold Inc. компаниясына толугу менен таандык жана ага тиешелүү компания (дочерняя компания) болуп саналат. Мыындан ары биз Кумтөр компаниясын мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын бийлигин жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык юридикалык аракеттерди көрүүнү улантабыз. Биз берген маалыматта жаңы эч нерсе жок, болгону 2021-жылдын 10-августунда биздин балансыбызда токтотулган бизнес-операция катары кабыл алган чечимибизди формалдаштырат", - деп айтылат.

Эске салсак, кечээ, Centerra Gold Inc. Кумтөр кениндеги башкармачылыкты колдон чыгарып жибергенин расмий түрдө билдирип, 926,4 млн доллар чыгымга учураганын жар салган.

Ошол эле маалда Акылбек Жапаров бул жаңылыкты кандайдыр бир жетишкендик катары маалымдап, Centerra Gold Inc. Кумтөр ага таандык эмес экенин моюнга алды, деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4413