19-ноябрда "Aero Nomad Airlines" жаңы ата мекендик авиакомпаниясы Бишкек – Дели – Бишкек каттамын ишке ашырды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чартердик рейс Airbus A320 учагында ишке ашырылган. Авиакаттам жумасына бир жолу ишке ашырылат.