Парламенттин депутаттары канча айлык алышат, жашоо минимуму боюнча пикири кандай?
RU

Парламенттин депутаттары канча айлык алышат, жашоо минимуму боюнча пикири кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дастан Бекешевдин Президенттин, премьер-министрдин жана депутаттардын айлыгын жашоо минимумуна чейин төмөндөтүү сунушу коомчулукта кызуу талкууну жаратты.

Коомчулук Бекешевдин демилгесин колдоого алып, туура көрүшсө, депутаттар өз айлыктарынан баш тарткысы жок. Депутаттардын өздөрүнүн айтымында, алардын айлыгы 30 000 - 40 000 сомго чейин. Кыргызстандын ченеми менен бул бир топ эле жогору.

Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешев бир жылдан ашык иштеген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин аппаратына киргизген, бирок азыркы күнгө чейин ал документ коомдук талкууга чыгарыла элек.

"Мен, депутаттар, премьер-министр жана президенттин айлыгын жашоо минимумуна чейин төмөндөтүүчү мыйзам долбоорду сунуштагам. Ошондо адилеттүү болот. Негизи тиричилик өткөрүу үчүн минимум деп эсептелген каражатка жаран кийинип, тамак-аш алып, салык төлөш керек. Болгону беш миң сомго. Ооба, түшүнүп турам, бул демилгени популизм деп айтышат, бирок өкмөт ушундай жашоо минимумду бардык жарандар үчүн бекитип жатса, демек жетекчилер да, бюджетти калыптандыргандар да ушундай эле айлык алууга тийиш, деп эсептейм", - деп депутат айткан.

Кыргызстандын бийлиги, биздин олкодо толук кандуу жашоо үчүн 5000 сомдон бир аз көбүрөөк акча жетиштүү, деп эсептейт.

2020-жылы Кырызстандагы жашоо минимуму - 5359 сомду түздү.

Бул акчага эмнелерди сатып алса болот?

биздин эсептөо боюнча укмуш деле жашап кетпейт экенсиң. Бир айга бөло келгенде жара күнүнө 80 г эт жана 120 грам мөмө жана жер жемиш сатып ала алат.

Kaktus.media редакциясы Жогорку Кеңешке барып, Дастан Бекешевдин демилгесине көз карашы кандай жана Кыргызстанда учурдагы жашоо минимуму канча экенин билишеби, деген суроолор менен депутаттарга кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/442