Көңүл буруңуз: Катуу шамал тууралуу эскертүү
RU

Көңүл буруңуз: Катуу шамал тууралуу эскертүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бороон тууралуу эскертүү

26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болуп, жолдордо кар күрткүсү болушу мүмкүн. Ошондой эле жолдордо муз тоңот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы олуттуу төмөндөшү күтүлөт:

  • 26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9°, ал эми күндүз -3° сууктан +2°ка чейин жетет;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7... -12, күндүз 0... -5 градус болот;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6°;
  • 27-28-ноябрда Ысык-Көлдө түнкүсүн -8°...-13°, күндүз -1°...-6°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15 градуска чейин төмөндөп, күндүз -2...-7 градус болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27 градус, күндүз -10 ... -15 ° суукка чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4444