Президенттин учагы эскирип, көп чыгымдарды талап кылууда
RU

Президенттин учагы эскирип, көп чыгымдарды талап кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин чет өлкөлүк каттамдар үчүн колдонгон №1 (Ту-154) учагы эскирген. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарында өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

"Жарандык авиация департаменти чарбалык субъект эмес. Учакты алмаштыруу керекпи же жокпу айта албайбыз. Бирок №1 аба кемеси эскирген, бул факт. Жыл сайын аны тейлөөгө көбүрөөк чыгым талап кылынат. Ал кеминде дагы бир жыл зарыл талаптарга жооп берет. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет", - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Эске салсак, мамлекет башчысы Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өткөн Глобалдык климаттык форумга жеке учак менен барган.

Президент учкан Ту-154М учагы техникалык жактан эскирип, эл аралык талаптарга жооп бербейт. Кыргыз Республикасы Европанын асманында учууга тыюу салынган өлкөлөрдүн кара тизмесине кирген. Бул учакты 2008-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин белек кылган.

Буга чейин Кыргызстандын жетекчилери эл аралык конференцияларга катышуу үчүн кадимки учактар ​​менен учуп келишкен. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков АКШга кадимки рейс менен учуп барган, бирок бизнес-класс менен.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү жетектеп турганда мамлекет башчысына учакты ижарага берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталып, бирок маселе талкуудан өткөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4445