Мектептин короосунда бут кийимин алмаштырган окуучулар боюнча министрлик комментарий берди
RU

Мектептин короосунда бут кийимин алмаштырган окуучулар боюнча министрлик комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

"Бул Озерный айылындагы мектеп. Балдар кандай аба-ырайы болбосун сырттан бут кийимин которуп мектепке кирүүгө милдеттүү. Алар мектепти булгап салат имиш", - деп окурман нааразы болуп, окуучуларга мектептин ичинен бутун алмаштыруучу жай уюштуруп берүүнү талап кылды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча өз комментарийин берди. Алар Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү менен байланышып, буга чейин мектептеги тазалыкты сактоо максатында тиешелүү чечим кабыл алынганын айтышты. Кабыл алынган чечимге ылайык, бут кийимди которуу кезеги менен мектептин холлунда жүргүзүлчү.

Видеодогу окуучулар кезек күткүсү келбей, мектептин короосунан эле бутун алмаштырып алууну туура көрүшкөн окшойт.

Аламүдүн райондук бөлүм мектептин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кемчиликтер айтылып, мектептин директору Токтоназаровага эскертүу берилди.

Ошону менен катар, мектеп администрациясы, окуучулардын бут кийимин алмаштыруусуна шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4456