Бишкекте ок чыгарган кызматкер кармалды
RU

Бишкекте ок чыгарган кызматкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 23-ноябрда Kaktus.media сайты Бишкектин борборунда ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкеринин мүчөсү тапанчадан ок чыгарганы тууралуу окурмандын билдирүүсүн жарыялаган.

АТК бул фактыны ЭҮПКга каттап, Кылмыш-жаза кодексинин "Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан ок атуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 12-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде Р.Б. белгисиз үлгүдөгү тапанча менен асманга ок чыгарган.

24-ноябрда 2002-жылы туулган Р.Б., кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, жеке күзөт органдарынын биринин ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкери Р.Б., МР-371 КВ факелдик тапанчасын жана гильзасы жок огун өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ага керектүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4463