Бишкектеги мектептер онлайн окууга өттү
RU

Бишкектеги мектептер онлайн окууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептер бир нече күнгө онлайн окутууга өтүштү. Айрым билим берүү мекемелер бүгүн, 25-ноябрдан тартып башташты, башкалары эртең жана ишемби күнү үйдөн окушат.

Бирок бул чаралар борбор шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга жана коронавирус же ОРВИ менен ооругандардын көп катталышына байланыштуу эмес. Шайлоо участоктору жайгаша турган муниципалдык мектептер 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоого даярданышат.

Белгилей кетсек, адатта окуучулар шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү окушчу эмес. "Шайлоонун алдында сабактан бошотулганы эсибизде жок" дешти айрым ата-энелер.

Ошону менен мектеп окуучулары 25-29-ноябрь күндөрү үйдөн окушат.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдиргендей, шайлоонун алдында бардык мектептер салттуу форматта окушат. 29-ноябрда шайлоо участоктор жайгашкан бала бакча жана мектептерде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөндүктөн сабактар өткөрүлбөйт.

Андан кийин окуу кадимки форматта улантылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4464