"Кыргызчаны билбегенден кийин Кыргызстанда х...ли жүрөсүң?" Блогер пранк жасаганын айтты
RU

"Кыргызчаны билбегенден кийин Кыргызстанда х...ли жүрөсүң?" Блогер пранк жасаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта ары бери өткөндөрдөн кыргыз тилин билесиңби деп сураган жигиттин видеосу тарады. Анын суроосуна жок деп жооп бергендерге орой формада "Анда Кыргызстанда эмне жүрөсүң?" деп кайра суроо узатат.

Кечээ, 24-ноябрда Биринчи май РИИБсинин басма сөз кызматы видеодогу жигитти таап, милиция бөлүмүнө алып келишкенин билдирди. Аны кайгуул кызматы таанып калган.

Мыйзам бузуучу 2002-жылы туулган К.А. экени аныкталып, видеодогу окуя 2021-жылдын 15-ноябрында жасалганы белгилүү болду.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, бул факт боюнча 119 - "Майда бейбаштык" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

19 жаштагы жигит өзүн блогер экенин айтып, пранк (тамаша) тартууга аракет кылганын жана эч кимди таарынткысы келбегенин түшүндүргөн. Иликтөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4465