Темирлан Султанбеков УКМКга келип Ташиевге арызданмакчы болгон
RU

Темирлан Султанбеков УКМКга келип Ташиевге арызданмакчы болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-ноябрда УКМКнын төрагасынын кабылдамасына "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков кайрылып, ведомствонун жетекчиси менен бетме-бет жолугушууну суранган. Бул тууралуу Улуттук коомпсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошол эле күнү, кечки саат 20:00до УКМКнын кызматкерлеринин бири коомдук кабылдамада Султанбеков менен жолугушуп сүйлөшкөн. Ал шайлоо мыйзамынын бузулушу боюнча маалыматы бар экенин кабарлаган.

Султанбековго, УКМКнын төрагасынын атына аталган фактыларды келтирип, кат жазса боло тургандыгын түшүндүрүп, жалган маалымат тараткандыгы үчүн да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгүн эскертишкен.

УКМК билдиргендей, натыйжасында, Султанбеков расмий кайрылуудан баш тартып, андагы шайлоо мыйзамынын бузулушу боюнча маалыматтын деталдарын айтып берүүдөн да баш тартып койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4471