ММК: Тажик милициясы митингге чыккан жарандарын атып салды
RU

ММК: Тажик милициясы митингге чыккан жарандарын атып салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Хорогдо ОМОНдун кызматкерлери митингге катышкан үч кишини атып салышты.

"Азия-Плюс" басылмасы билдиргендей, Хорогдун жана шаардын четиндеги райондордун тургундары шаардын борбордук аянтына чогулушкан. Алардын талабы Рошткалиндик райондун тургуну Гулбиддин Зиебековду атып салган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу болчу.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, бүгүн, 25-ноябрда, саат 11:30да укук коргоочу органдын өкүлдөрү Зиебековдун үйүнө келишкен. Алар аны карап кетүүнү көздөшкөн. Бирок Зиебеков каршылык көрсөтүп, мушташа кеткен.

"Анын үйүндө эч кандай курал жок болчу. Биз көргөнбүз", - деп күбө айтып берди.

Гулбиддинди ур токмокко алып, жарадар бойдон машинеге салып кетишкен. Андан кийин анын өлүмүн жарыялап, сөөгүн шаардык аянтка алып келишкен.

Басылмалардын бири берген маалымат боюнча митингге келген Тайгун айылынын тургуну укук коргоочу органдарга каршылык көрсөтүп, алардын аракети мыйзамсыз экенин айткан. ОМОНдун кызматкерлери ок чыгарып, аны жана дагы эки кишини атып салышкан.

Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы 25-ноябрда Шохдар айылында Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо боюнча укук коргоо органдары тарабынан операция жүргүзүлгөн. Ал Кылмыш кодексинин "Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталган. Камакка алынып жаткан учурда Макаров тапанчасы менен куралдуу каршылык көрсөткөн, деп билдирди.

Хорог шаары Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун түштүк-батышында орун алып, батыш тарабынан Афганистан менен чектешет. Душанбеден 525 км аралыкта, ал эми Оштон 730 км аралыкта жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4484