"Райым Матраимов коррупционерби же жокпу?" "Эл үмүтү" партиясынын мүчөсү жооп берди
RU

"Райым Матраимов коррупционерби же жокпу?" "Эл үмүтү" партиясынын мүчөсү жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Райым Матраимов коррупционерби же жокпу?" Мындай суроону КТРКнын түз эфиринде, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин дебатында, көрүүчүлөр "Эл үмүтү" партиясынын өкүлү Улукбек Карыбек уулуна беришти.

"Бир нече күн мурун партиялаштарыңардын бири Матраимовду коргоого аракет кылды. Демек ал коррупционерби же жокпу?" – деген көрүүчүнүн суроосун алып баруучулар айтышты.

"Коррупция дегенде эле Райым Матраимовду фишка кылып көрсөтүп алышты. Эгерде жаран коррупционер болсо, ал сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Сот Матраимов боюнча чечим чыгарып, коррупционер деп атады. Менимче, ошол эле жетиштүү. Бул суроого биздин жооп бергенибизден эч кандай пайда жок", - деди Карыбек уулу.

Андан сырткары "Эл үмүтү" партиясына ири суммадагы "боорукер" ким экен деген суроо берилди.

"Биздин каражатыбызга эле асылып туруп алышты. Биз Жогорку Кеңешти кайра эле эски, бай чиновниктерге алдырып жибербеш үчүн баарын кылып жатабыз. Жада калса жеке унаабызды, жер тилкелерди да сатууга даярбыз" - деп жооп берди Карыбек уулу.

25-ноябрдагы талкууда төмөнкү партиялар катышты:

  • "Улуттар биримдиги" - Мелисбек Мырзакматов;
  • "Улуу-Журт" - Мирлан Орозбаев;
  • Кыргызстан Биримдик патриоттук партиясы - Кубатбек Алымбеков;
  • "Эл үмүтү" - Улукбек Карыбек уулу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4485