УКМК: Синтетикалык баңгизаттардын ири партиясына бөгөт коюулду
RU

УКМК: Синтетикалык баңгизаттардын ири партиясына бөгөт коюулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-январда УКМК Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды даярдоого колдоно турган жана андан нары сатуу үчүн арналган өзгөчө ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюулду.

Такталгандай, унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк заты бар 42 даана ящиктер табылып алынды.

Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн Аммиак суусунун суу эритмеси болуп саналат.

Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж.И. Ош шаары жана Ош облусу боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы)

боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/448