Күндүн сүрөтү. Жаап жаткан карга карабай музейге кезек күткөн эл
RU

Күндүн сүрөтү. Жаап жаткан карга карабай музейге кезек күткөн эл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-ноябрда эртең менен Бишкектеги жаңы оңдолгон тарыхый музейге барууну каалагандардын кезеги.

Кар жааганына карабай зыяратчылар кезегин күтүп турушат. Күткөндөрдүн сүрөттөрүн Facebook баракчасына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул жарыялады.

Белгилей кетсек, Тарых музейи узак тыныгуудан кийин 19-ноябрда ачылган. Ошондон бери музейге барууну каалагандардын кезек күтүүсү үзүлгөн жок.

30-ноябрга чейин музейге кирүү акысыз. Андан кийин билеттин баасы:

  • чоңдорго - 170 сом;
  • студенттерге - 100 сом (стденттик билетин корсөтүүгө тийиш);
  • Мектеп окуучуларына - 70 сом болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4493