Бийликти басып алуу аракетиби? УКМК кылмыштуу топтун планын, курал-жарагын тапкан. Сүрөт
RU

Бийликти басып алуу аракетиби? УКМК кылмыштуу топтун планын, курал-жарагын тапкан. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Буга чейин бир топ адамдар парламенттик шайлоодон кийин дароо бийликти күч менен басып алууну уюштурууну пландап жатканы маалымдалган. УКМКнын маалыматы боюнча, атайын кызматка ЖКнын депутаттары жана мурдагы жогорку кызматтагы адамдар баш болгон топтун ишмердүүлүгү боюнча далилдер келип түшкөн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин бул топ бир катар саясатчылардын (анын ичинде жеңилгендердин) колдоосуна таянып, Бишкекте массалык нааразылык акцияларын уюштурууну пландаган. Анан - митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышууларды чыгарып, бийликти басып алууну көздөшкөн.

Пландарын ишке ашыруу үчүн бул топ миңге жакын агрессивдүү жаштарды чогулткан. Атайын кызмат алар тополоң кылып, провокацияларды уюштурууну каалаган деп эсептешет.

Мурдараак маалымдалгандай, 26-ноябрда тергөөчүлөр активдүү катышуучулардын үйлөрүн жана кеңселерин тинтүүгө алышкан. Тактап айтканда, укук коргоо кызматкерлери "Чүй Ынтымагы" жана "Эл Ынтымагы" коомдук бирикмелеринин активдүү мүчөлөрү Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев жана башка бир нече адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү айтылды.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жүргүзүлгөн тинтүү иштеринен кийин үйлөрдүн ээлери кармалды.

Тинтүү учурунда кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документтер, курал-жарак, ок-дарылар жана баңгизаттар табылганын УКМК билдирди.

Жалпысынан топтун 15тен ашык мүчөсү кармалган. Башка шектүүлөрдүн өздүгү такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4496