Айдоочуну ыйлаткан Россиялык блогер анын үй-бүлөсү менен жолугуп, таанышты. Видео
RU

Айдоочуну ыйлаткан Россиялык блогер анын үй-бүлөсү менен жолугуп, таанышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов автоунаа белек кылган кыргызстандык Эген Апсаматовго кайрадан жолугуп, үй-бүлөсү менен таанышты.

Айдоочу блогерди үй-бүлөсү менен тааныштырып, ал унаа белек кылгандан кийин Кыргызстандын өкмөтү да жардам берүү сунушун киргизгенин айтты. Ошондой эле Instagram тармагында жеке баракчасын ачып, ал жактан да жардам берүүнү каалагандардын саны көбөйгөнүн кошумчалаган.

Таксисттин жубайы блогерге ыраазычылыгын билдирип, анын мындай кадамынан кийин кызынын жашоосуна да өзгөрүү киргизгенин белгиледи.

Апсаматов "автоунаанын арткы айнектерине "Гусейнден белек" деп жазып коём",- деп билдирди.

Эске салсак, Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян Апсаматов аларды бекер жеткирип койгону үчүн ага автоунаа белек кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4507