Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова добуш берип кетишти. Фото, видео
RU

Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова добуш берип кетишти. Фото, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова шайлоо участогуна келип кетишти. Эске салсак, бүгүн өлкө башчысы иш сапары менен Түркмөнстанга кетет. Анын алкагында Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулар эки бюллетендин негизинде добуш беришет. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча. Эске салсак, өлкө 36 округга бөлүнгөн. Ар бир округдан бирден эле талапкер өтөт. Экинчи бюллетень - партия тизмеси боюнча. Добуш берген жаран партияны, андан тышкары партиядагы конкреттүү бир талапкерге добушун берет.

Шайлоо участоктору эртең мененки саат 08:00до ачылып, кечки 20:00до жабылат.

Андан тышкары, чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4508