Композитор Александр Градский каза болду
RU

Композитор Александр Градский каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Советтик жана россиялык ырчы, композитор Александр Градский каза болду. Бул тууралуу "Бешинчи канал" жеке булактарына шилтеп билдирди.

Телеканалдын маалыматы боюнча, артист түндө, саат экилерде, ооруканада жатып үзүлгөн.

Буга чейин массалык маалымат каражаттары Градскийди ооруканага инсульт менен түшүп калды, деп жазып чыгышкан. Анын ден соолугу сентябрь айында коронавирус болуп ооругандан кийин кескин начарлап кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4509