Адахан Мадумаров административдик ресурс колдонуларын айтты
RU

Адахан Мадумаров административдик ресурс колдонуларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адахан Мадумаров административдик ресурс колдонуларын айтты

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонуларын айтты. Мындай пикирин Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

"Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу - азыркы бийликтин адатына айланып калды", - деди.

Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон жок.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында өздөрүн оппозиция деп жарыялаган.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4517