Эл добуш берүүдөн тажадыбы? Шайлоочулардын саны былдыркыдан эки эсе аз
RU

Эл добуш берүүдөн тажадыбы? Шайлоочулардын саны былдыркыдан эки эсе аз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9,17%ы – 3,7 миллиондун 339,8 миңи бир округ боюнча добуш берди. Эң активдүү шайлоочулар Ош шаары менен Баткен облусунан. Эң аз активдүүсү Чүй жана Ысык-Көл облустарында. Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоочулардын 9,12% добуш берди.

Акыркы парламенттик шайлоодо, 2020-жылдын 4-октябрында саат 12:00гө карата шайлоочулардын 17,7%, башкача айтканда, азыркы шайлоого караганда дээрлик эки эсеге көп катышкан. Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо өткөн жок деп табылган.

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат, анда шайлоочулар эки бюллетень менен добуш беришет. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча шайлоо. Эске салсак, өлкө 36 районго бөлүнгөн. Ар бир округдан бирден талапкер чыгат. Экинчи бюллетень партиялык тизме боюнча добуш берүү үчүн колдонулат. Шайлоочу бир гана партияны тандап тим болбостон, андан конкреттүү талапкерге да добуш бериши керек.

Шайлоо участкалары саат 08:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.

Ошондой эле чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу ачылган.

54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Жогорку мыйзам чыгаруу органындагы мандаттарга 21 саясий партия жана 300гө жакын талапкер бир мандаттуу округдар боюнча ат салышууда. Жогорку Кеңештеги 90 мандат үчүн жалпысынан 1,3 миң адам талапкерлигин койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4522