Москвада алты шайлоо участогу ачылды
RU

Москвада алты шайлоо участогу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-ноябрда Россиянын баш калаасы Москвада Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн алты шайлоо участогу ачылды. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дө (Бишкек убактысы менен 11:00дө) участоктор ачылып, шайлоочуларды кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстандын 600 миңден ашуун атуулу Россияда жашап, иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.

Жаңыланган мыйзамга ылайык, аралаш системада өтүп жаткан шайлоодо парламентке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (BCh)

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4524