Бакир уулу: Тополоңду пландаштыргандар эсиңерде болсун саясатчылар дайыма тирүү (видео)
RU

Бакир уулу: Тополоңду пландаштыргандар эсиңерде болсун саясатчылар дайыма тирүү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулу добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин болушу мүмкүн болгон баш аламандыктар тууралуу Kaktus.media сайтына ой бөлүштү.

Бакир уулунун айтымында, эл шайлоодон кийин дайыма бир жаман нерсени күтүш керек дегенге көнүп калган.

"Мен шайлоодон кийин төңкөрүш даярдап жаткандарды уктум, бул жерде УКМК эң сонун баа бериши керек. Бул жолу алдын алуу иштери жакшы болду деп ойлойм", - деди ал.

Талапкер ошондой эле баш аламандык уюштурууну пландаштырып жаткандарга кайрылды.

"Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай, кайра эле Ак үйдү басып алсаңар, кайра эле бейкүнөө адамдар өлөт. Митингдерди уюштурган саясатчылар дайыма тирүү калат же чет өлкөгө качып кетишет. Баягы эле карапайым эл өлүп, жарадар болуп кала берет. Муну эл унутпашы керек",-деди Турсунбай Бакир уулу.

Сөзүнүн аягында "Ак үй" канча жолу талкаланып, кийин мамлекеттин эсебинен кайра курулганын эске салып, жарандарды өздөрүнүн жана өлкө бюджетин аяп коюуну өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4528