Кызыл, ак же camel? Саясатчылардын жубайлары кандай түстөгү пальто тандашат?
RU

Кызыл, ак же camel? Саясатчылардын жубайлары кандай түстөгү пальто тандашат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Айрым саясатчыларды шайлоо участогуна жубайлары коштоп келген. Kaktus.kg алардын эмне кийип келгенин байкады.

Президент Садыр Жапаров Айгүл Жапарова менен бирге келген. Алар "Киргизия" жаңы конушундагы шайлоо участогуна барып добуштарын беришти. Өлкөнүн биринчи айымы ак пальто кийип келди. Мойнуна оймолору бар шарф ороп алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевди келинчеги коштоп келген. Ал кызыл, заманбап стилдеги пальто жана пальтосуна окшоштуруп бут кийим кийген.

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаева жана уулу болуп, чогу келишти. Айгүл айым camel түстөгү пальтону тандаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин келинчеги да шайлоого келип, жарандык милдетин аткарып кетти. Анын пальтосунун өңү ак-саргылт (молочный).

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулар эки бюллетендин негизинде добуш беришет. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча. Эске салсак, өлкө 36 округга бөлүнгөн. Ар бир округдан бирден эле талапкер өтөт. Экинчи бюллетень - партия тизмеси боюнча. Добуш берген жаран партияны, андан тышкары партиядагы конкреттүү бир талапкерге добушун берет.

Шайлоо участоктору саат 08:00до ачылып, 20:00до жабылды. Андан тышкары чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4531