Өмүрбек Текебаев: Эдил Байсалов шайлоонун жыйынтыгын алдын ала билем деп мактанган
RU

Өмүрбек Текебаев: Эдил Байсалов шайлоонун жыйынтыгын алдын ала билем деп мактанган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лидер партии "Ата Мекен" Омурбек Текебаев заявил, что не признает итоги выборов, назвав их массовой фальсификацией. Он также сообщил, что Эдиль Байсалов еще вчера хвастался тем, какими будут результаты выборов.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын массалык фальсификация деп атады. Бул тууралуу ал шайлоо участокторунун бардыгы жабылып, алгачкы жыйынтыктар жарыялана баштагандан кийин өзүнүн штабында билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун өзү таза өтсө дагы мыйзам бузуулар болду. Азырынча эмне болгонун так айта албайбыз, бирок БШКнын сайтындагы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоого байланыштуу кырдаал абсурд.

"Биз сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 3-4 орундан ылдый түшкөн эмеспиз. "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс" партияларын көпчүлүк тааныбайт, алар 4%дан жогору алган эмес", - дейет Текебаев.

Алгач БШК биздин 71 миң добуш алганыбызды көрсөтүп жаткан. Бул көрсөткүч дагы өсмөк. Бул абсолюттук цифра, пайыз эмес. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн кийин биздин көрсөткүч түшүп, болгону 41 миң добуш калды. Башкача айтканда, добуштардын саны 3%га азайган. Башка партияларда деле ушундай көрүнүш.

"Ата Мекендин" лидери, партиянын мүчөсү Тилек Токтогазиев БШКнын маалыматы боюнча Бишкек ичи боолгону 600 добуш алыптыр, Наталья Никитенко да 600.

Мындай болушу мүмкүн эмес. Биздин талапкерлер албетте мега укмуш эмес, бирок өто популярдуу. Клара Сооронкулова былтыр 18 миң добуш чогулткан, а быйыл биз шаар ичи болгону 2 миң добуш алыптырбыз. Урматтуу шайлоочулар силердин миңдеген добуштарыңар башка партияларга кетип калды, бул массалык фальсификация, система добуштардын санын кыскартты", - деди Текебаев.

Мыйзам бузуунун дагы бир көрсөткүчү - бул шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн көбү бюллетендерди колго эсептөөдөн баш тартышы.

Мыйзамда жазылган, БШК бюллетендерди партия жана байкоочулардын көзүнчо эсептөөгө милдеттүү. Байкоочулар добуштарды колго эсептөөнү талап кылгыла, эгер эртеңкиге калса, массалык фальсификация болот", - дейт саясатчы.

Анын айтымында, бир күн мурун ага журналист телефон чалып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ага "Ата Мекен" өтпөй турганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгы кандай боло турганын айтып бериптир.

"Эдил Байсалов кече эле мактаныптыр, бүгүн болсо ошол пайыздар тастыкталып жатат. Керек болсо калп айттырбаган детекторго ушул эле сөздөрүмдү кайталайм", - деп Текебаев баса белгиледи.

Мындай көрүнүш учурдагы режимдин күнүн кыскартат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4535