БШКнын сайтында дагы деле мүчүлүштүктөр байкалууда: 14% кайда жок болуп кетти?
RU

БШКнын сайтында дагы деле мүчүлүштүктөр байкалууда: 14% кайда жок болуп кетти?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда БШКнын сайтында шайлоонун жыйынтыктары онлайн режимде улам жарыяланып турат, сайттагы мүчүлүштүктөр дале байкалууда. Пайыз көрсөтүлө турган графада жалпы пайыз 100%ды эмес, 86,56%ды көрсөтүп жатат.

13,44% кайда жок болуп кеткени белгисиз. Белгилей кетчү жагдай, кеп автоматтык эсептөөчү үкөк берген маалымат жөнүндө болгон жок.

Мындан мурун БШК жаңылыш маалыматты көрсөткөн. Анда партиялардын жалпы жыйынтыгы 140%ды көрсөтүп жаткан болчу. Кийин сайтта мүчүлүштүктөр орун алып, маалымат жеткиликсиз болуп калды. Бир канча убакыттан кийин сайт кайрадан иштеди, бирок дагы деле жаңылыш пайызды көрсөтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4537