Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң учак учуп келди
RU

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң учак учуп келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ан-225 "Мрия" - дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Толтура май куйган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат.

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири Ан-225 "Мрия" аба кемеси учуп келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

"Узундугу 84, бийиктиги 18,2 жана эки канатынын узундугу 88,4 метрге жеткен бул жүк ташуучу учакты дүйнөдөгү бардык эле аэропорттордун кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жете бербейт", - деп айтышты "Манас" аэропортунан.

Ан-225 "Мрия" (украин тилинен которгондо "кыял") - дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Май толук куюлган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат.

Кыргызстанга бул учак үчүнчү ирет келип жатат, буга чейин 2013 жана 2018-жылдары "Манас" аэропортуна конгон.

Учак СССР кезинде эле проектиси чийилип, бир эле экземпляры жасалган. 1984-1988-жылдары Киев механикалык заводунда куралып, 1988-жылдын 21-декабрында алгачкы жолу асманга көтөрүлгөн.

Ан-225 учагы "Буран" деп аталган космос кемесинин долбоорун авитранспортировкалоо системасы үчүн атайын жасалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4540