"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайыны жок. Ал УКМКда болушу мүмкүн
RU

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайыны жок. Ал УКМКда болушу мүмкүн

Все самое интересное в Telegram

Депутаттыкка талапкер болгон Ордо партиясынын өкүлдөрү лидери Мирбек Мияров менен байланыша албай жатканын Kaktus.media сайтына билдирди.

Алардын айтымында, акыркы жолу аны кечээ саат 14:00дөн кийин №44-мектепте добуш берип жатканда көрүшкөн.

"Андан кийин биз да, үй-бүлөсү да аны менен байланыша албай жатабыз. Телефону өчүк. Аны башка жерден таба албай жатабыз. Балким ал УКМКда", - деп талапкердин өкүлдөрү бийликтен реакция жана комментарий талап кылышкан.

Эске сала кетсек, шайлоого "Ордо" партиясы да катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4541