Садыр Жапаров кимге добушун берди? Жообу сизди таң калдырат. Фото
RU

Садыр Жапаров кимге добушун берди? Жообу сизди таң калдырат. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровбир мандаттуу округ боюнча өз добушун Равшан Жээнбековго берген. Бюллетенди өлкө башчысы автоматтык эсептөөчү үкөккө салып жатканда сүрөткө тартып алышкан.

"Бул атайын (а балким кокус) пресса үчүн жасалган болушу мүмкүн. Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу округ боюнча өз добушун 2019-жылдын август айындагы баш аламандыктарды уюштурган деп сот жоопкерчилигине тартылып, учурда камакта отурган Равшан Жээнбековго берген", - деп сүрөттүн алдына Eurasianet сайтынан Борбор Азия боюнча фото редактору Питер Леонард жазган.

Эске салсак, Садыр Жапаров кечээ, 28-ноябрда №1053 шайлоо участогунан добуш берген. Ленин округу боюнча Равшан Жээнбеков тизмеде биринчи турат. Учурда ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча СИЗО-1де камакта отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4543