УКМК Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин "Айыл Банкындагы" коррупция боюнча иш баштады
RU

УКМК Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин "Айыл Банкындагы" коррупция боюнча иш баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК президент Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешиндеги айткан сөздөрүнөн кийин "Айыл Банк" ААКтын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 26-ноябрда Жапаров дыйкандарга бөлүнгөн каражаттын 3%ы гана максаттуу колдонулуп, калган жеңилдетилген кредиттер чиновниктерге берилиптир, деп айткан.

УКМК билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында "Айыл Банк" ААК (100% акциясы мамлекетке таандык) тараптан айрым ири компанияларга мыйзамсыз жана максатсыз каражат бөлүп берүү фактылары аныкталган.

Андан тышкары жогоруда айтылган кредиттер боюнча банкка ири суммадагы карыздары бар экени да аныкталган. Бул каражат калктын социалдык жактан аялуу катмарына жана дыйканчылык менен мал чарбачылыкты өнүктүрүүгө багытталган болчу.

УКМК "Коррупция" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ведомоство "Айыл Банк" ААКтын жоопкерчиликтүү жактардын иш аракетине юридикалык баа берилет деп убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4549