Өмүрбек Текебаев: Жогорку Кеңешке кайра шайлоо жарыялоо зарыл
RU

Өмүрбек Текебаев: Жогорку Кеңешке кайра шайлоо жарыялоо зарыл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боршайкомдун алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар чогулушкан. Алар баштапкы жыйынтыктарга макул эместигин билдиришти.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев шайлоо мурункудай масштабда эмес бирок бары бир мыйзам бузуулар менен өттү, деди.

Анын айтымыда региондордору байкоочулар аларды кол менен эсептөөгө киргизбей жатышат, деп арызданышкан. Текебаевдин пикири боюнча, бул шайлоону жараксыз деп табуу үчүн юридикалык негиз болуп саналат.

"Бийликтин партияларынын бири да сурамжылоо учурунда 4%дан ашык алган эмес. Бирок шайлоодо алар лидер болуп чыга келди. Ал эми элдин колдоосуна э болгон партиялар парламентке өтпөй калды", - деди ал.

28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу зарыл, дейт саясатчы.

"Демократия жана саясий туруктуулук чыгашаларды талап кылат. Менин оюм боюнча ал ошого татыктуу. Ансыз экономикалык өнүгүү да болбойт, эл бийликке да ишенбейт, саясий туруктуулук да жок болот", - деди Текебаев.

Эске салсак, кечээ алдынн ала эсептөөлөр учурунда системада мүчүлүштүктөр болуп, жыйынтыктар кескин өзгөргөн. Айрым партиялар он мииндеген добуштарын жоготуп алышкан. Алардын катарында "Ата Мекен" партиясы дагы. Партиялар фальсификация болду деп, 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4555