Митингде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин отставкасы талап кылынып жатат
RU

Митингде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин отставкасы талап кылынып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн БШК имаратында шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялардын митинги өтүүдө. "Ата Мекен" партиясынын талапкери Клара Сооронкулова президент менен УКМКнын жетекчисин кызматтан алуу зарылдыгын билдирди.

Ал белгилегендей, жаңы Конституцияга ылайык, президент өлкөдө болуп жаткан окуялар үчүн толук жоопкерчиликти алышы керек.

"Президент отставкага кетиши керек. Былтыр элдин ишенимине ээ болуп бийликке келген, эми мынтип шайлоону бурмалап жатат. Ал эми УКМК шайлоо системасынын коопсуздугун камсыздашы керек эле, анткени мамлекеттин коопсуздугу андан көз каранды. Эмне үчүн күнөөсүз адамдарды куугунтуктап жатат. Улуттук коопсуздук маселеси менен алектенбей жатабы?", - деп ал отставкага кетишин талап кылды. Биз катуу талаптарды коюп, жетекчиликтен жооп талап кылышыбыз керек. Шайлдабекова өзү эч нерсе чечпейт, жогору жактан келген буйрукту гана аткарып жатат", - деп кошумчалады Сооронкулова.

Эске сала кетсек, кечээ алдын ала эсептөө учурунда система бузулуп, жыйынтыктар өзгөргөн. Кээ бир партиялар, анын ичинде "Ата Мекен" партиясы да он миңдеген добушун жоготкон. Партиялар фальсификацияларды жарыялап, шайлоону тааныбай, 28-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4556