Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды
RU

Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Бул - футбол тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин бир да оюнчу футболдогу эң престиждүү сыйлыкка жети жолу татыган эмес.

Европадагы эң мыкты футболчуга берилүүчү "Алтын топту" тапшыруу аземи Париждеги "Шатле" театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовский ээледи. "Челси" жана Италия курама командасынын футболчусу Жоржиньо үчүнчүгө илинди.

Акыркы 10 жылда Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

Месси акыркы сезондо Испаниянын "Барселона" командасынын сабында жана Аргентина курамасы менен 47 оюнга чыгып, 38 гол киргизген. Июль айында Америка кубогу мелдешинде чемпион болгон. Бул анын улуттук команда менен уткан экинчи ири мелдеши. 2008-жылы футболчу олимпиада чемпиону болгон.

Жайында Месси каталондук клубдан кетип, франциялык ПСЖ командасынын сабына кошулган.

Аргентиналык оюнчу "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу айрым өлкөлөрдө чемпионаттар аягына чейин ойнолбогондуктан, бул абройлуу сыйлык берилбей калган эле.

Месси бул жарышта сыйлыкка төрт ирет удаасы менен татыган, эң көбү - алты жана жети жолу уткан уникалдуу рекорддору менен өзгөчөлөнөт.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылы France Football журналы тарабынан Европанын эң мыкты футболчусуна берилүүчү сыйлык катары негизделген (спорттук журналисттердин пикиринин негизинде).

2010-жылы ФИФА менен France Football "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыктары бириктирилип бериле баштаган. Мында жеңүүчү клубдардын капитандары жана улуттук командалардын машыктыруучуларынын добуш берүүсү менен аныкталган.

2016-жылдын сентябрь айында France Football аталган сыйлыкты өз алдынча бере баштаганын жар салган болчу.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4570