Таластыктар митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгына нааразы
RU

Таластыктар митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгына нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусундагы Кара-Буура районунда бүгүн, 30-ноябрда депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбековдун тарапташтары чогулган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Талас облусунун ИИБси билдирди.

Алар берген маалыматка ылайык, Кызыл-Адыр айылынын тургундары чогулуп, парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына макул эместигин билдиришкен.

"200гө чукул киши чогулду", - деп милиция кабарлады.

Митингге келгендер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, талапкерлердин бири добуштарды сатып алганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Мирлан Назарбеков Манас округу боюнча талапкерлигин койгон. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков алдыда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4577