"Ишеним" партиясы элге кайрылуу жасады
RU

"Ишеним" партиясы элге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ишеним" партиясы 28-нояябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин элге кайрылуу жасады. Алардын пикири боюнча шайлоо ийгиликтүү жана таза өттү.

"Админресурс дээрлик колдонулган жок. Ооба, мүчүлүштүктөр болду, себеби бул шайлоо системасы эл үчүн дагы, талапкерлер үчүн дагы жаңылык. Эң негизгиси атаандаштык таза жүрдү. Шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо учурунда катталган айрым туура эмес аракеттерге бийлик алдын алып, бөгөт койду. Чет элден келген көзкарандысыз байкоочулар дагы, айрым талапкерлер дагы дал ушул бааны беришүүдө. Өлкө башчы таза шайлоону камсыздап берди, ат салышууда ким жеңип, кимдин жеңилээри -элдин тандоосуна коюлду", - деп партиядан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4578