Кыргызстанда 1,2 млн адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт
RU

Кыргызстанда 1,2 млн адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан COVID-19га каршы вакцинанын жеткиликтүү болушун камсыздаган COVAX глобалдуу механизмине кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жарандардын бир бөлүгу вакцинация эффективдүү эмес деп эсептейт. Бирок, вакцинация COVID-19дан каза болгондордун санын төмөндөтөт.

Биринчи кезекте эмдөө жасала турган жарандарды эсептегенде 1 млн 200 миң адам аныкталды. Бул медкызматкерлер, жана жумушуна байланыштуу ооруну жугузуу тобокелчилиги жогору жерде иштеген адамдар.

Кыргызстан COVID-19га каршы вакцинанын жеткиликтүү болушун камсыздаган COVAX глобалдуу механизмине кошулду. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө COVAXта COVID-19га каршы эң көп жана түрдүү вакциналардын портфели бар.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда, профилактикалык эмдөө календарына кирген муздак чынжырчаны камсыздоонун алкагында 2 122 атайын муздатуучу жабдыктар бар. Алардын 79%ы тиешелүу температура режимин сактай алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/457