Аркадий Дубнов Кыргызстан тууралуу: Кыргыздарды жакшы көрөм
RU

Аркадий Дубнов Кыргызстан тууралуу: Кыргыздарды жакшы көрөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу россиялык серепчи Аркадий Дубнов Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо боюнча өз оюн билдирди. 29-ноябрь күнү кечинде бул тууралуу жеке баракчасына пост жазып, тамаша ирээтинде "кыргыздардын жашоосу кайнап жатат" деген.

"Кыргыздарды жакшы көрөм, алардын тиричилиги кайнап турат, бардык жерде кыймыл бар, эли жок жерден саясий себеп жаратат.

Мына кечээ Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бир жыл мурун да ушундай эле шайлоо өткөн. Бирок анын жыйынтыгына нааразычылык кезектеги төңкөрүшкө алып келди. Бийликке түз эле түрмөдөн - башкалардан өзгөчөлөнүп турган харизматик келди.

Дүйнөнүн жарымы кыргыздарга суктанып кол чапса, экинчи жарымы бой көтөрүп "фи" деди.

Ошого карабастан эл харизматик башчыга ишенди. Ал өз кезегинде ошол ишенимди актаганга аракет кылды. Жок дегенде кыргыздардын. Бир заматта Конституцияны өзүнө ыктап бычып алды дагы: эми, бардыгына мен жооп берем. Парламентти деле калтырып коебуз, бирок анын укуктарын кыскартабыз. Антпесек, эл өкүлдөрү кыйкырып ызы-чуу салгандан башканы билбейт, тартип жок болот экен...деди

Анан кечээ кыргыз элинин эптеп эле добуш бергени түшүнүктүү да. Кызыгы жок. Болгону ар бир үчүнчү жаран өзүнүн жарандык милдетин аткарыптыр.

Бирок эң кызыгы андан ары болду. Жо-жок, эл көчөгө чыккан жок. Кыргыз эли башаламандыктан тажады көрүнөт...

Алардын маанайын БШКсы көтөрдү. Шайлоонун партиялык тизме боюнча алдын ала жыйынтыктарын сайтка илсе, 21 партияга берилген добуштардын суммасы 150%дан ашып кетип жатпайбы!

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы жалгыз БШКга чабуул кылган 20 өлкөнүн хакерлери бардыгына күнөөлү деп чыкты.

Вице-премьер анын сөзүн төгүндөп: болгону техникалык мүчүлүштүктөр кетти деди. Жоопкерчиликти өзүнө БШКнын эр жүрөк төрайымы алды. Ал каршы чыккандардын алдына чыгып, үнүн катуу чыгарып кечирим сурады.

Бирок ошону менен бүтүп калган жок.

Куу журналисттер президенттин урнага салып жаткан бюллетенди сүрөткө тартып алышыптыр. Анан ал СИЗОдо отурганына карабастан талапкерлигин койгон оппозициялык маанайдагы экс-депутатка добушун бергенин аныктап алышты. Президент дароо эле өзүнүн Facebook баракчасына жооп жазып, түрмөдө отурган талапкерди колдоо максатында ушундай кадамга барганын билдирди.

"Менин ага боорум ооруду" деди президент. Мен да 2017-жылы түрмөдө отурганда президенттик шайлоого билдирүүмдү жөнөткөм. Бирок ошол кездеги президент Атамбаев ага уруксат бербей койгон.

Шайлоодон өтүп кетсе, балким аны бошотушабы деп ойлодум эле" - дейт кыргыз президенти.

Кыргыздарды жакшы көрөм", - деп сясий серепчи жазган.

Андан Тышкары Аркадий Дубнов RTVI каналына комментарий берип, Кыргызстанда жаңы шайлоо өтөт деген сценарий шайлоонун жыйынтыгын кабыл алуу дегендей эле реалдуулукка өтө жакын. Ал "дүйнөнү туруктуу төңкөрүш жана революцияларга үйрөткөн өлкө бул ирет да таң калдырышы мүмкүн" деген пикирде.

Ошого карабастан Садыр Жапаровдун өзүнө-өзү ишенимдүү боолгону сезилип жатат. Менимче, ал шайлоонун жыйынтыгын фальсификациялоого кызыкдар эмес. Учурда Кыргызстандагы башкаруу системасынын вертикалы калыптана элек. Балким жер жерлерде партиялар шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылышкандыр. Бирок партиялар өтө көп, бардыгы бийлик үчүн күрөшүүдө. Андан эч кандай майнап чыкпайт. Анткени улам жаңы партиялар түзүлүп, туруктуулук орной элек", - дейт эксперт.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар митингге чыгышабы, деген суроого күмөн санап жатканын билдирди.

"Бул ирет, андай болбойт го. Шайлоого даярдануу чындап эркин өттү, атаандаштык атмосферасы сезилип жатты.

Партиялары ашыкча көп. Кенедей мамлекетке 21 партия. Аларды эч ким айырмалабайт. Менимче оппозициялык партиялар жеңишке жетпейт.

Бирок бул Кыргызстан экенин унутпайлы", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4586