Депутаттар министрлер кабинетинин жана БШКнын жетекчилерин ЖКга чакырууну талап кылууда
RU

Депутаттар министрлер кабинетинин жана БШКнын жетекчилерин ЖКга чакырууну талап кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко 28-ноябрда өткөн шайлоону манипуляция деп атады .

Парламенттин 1-декабрдагы жыйынында депутат айым шайлоо процессине көп депутаттар катышып жаткандыктан Жогорку Кеңеш көпкө чейин кворум бере албай жатканын белгиледи.

"Бүт өлкө коркунучтуу манипуляцияларга күбө болду. Эмне үчүн маалыматтар мынчалык бурмаланды? Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Мындай манипуляциялардан кийин өткөн шайлоолорго жана автоматтык системага ишеним жок", - деди Никитенко.

Ал жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованы чакырып, алардын маалыматын угууну сунуштады.

"Коомдук пикирди мындай бурмалоого жол берилбейт. Бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштайм", - деп кошумчалады депутат.

Анын сунушун Шайлообек Атазов колдоду. Ал да, шайлоодо саясий оюндар болду деп эсептейт.

"Төлөйкөн округунда административдик ресурс болуп, капка салынган акчалар тараган. Алар Нурбек Алимбековдун агитаторлору болгон, 40 агитатор аялды мыйзамсыз түрдө ишке тартып алышкан. Бирок, ага карата эч кандай жооп болгон эмес. Биз шайлоочулардын үмүтүнүн үзүлбөшүн каалайбыз", - деди Атазов.

Акыл Кемелов парламентке жалаң олигархтар шайланганын айтты.

"Мандаттын баасы кыйла өстү", - деп кошумчалады ал

Ошол эле учурда, алдын ала маалыматтар боюнча Сузак районунан депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов учурдан пайдаланып, шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

"Бул жолу таза шайлоо болду. Мен макулмун, кээде мыйзам бузуулар болду, паракорчулук болду. Бирок, ага карабастан шайлоочуларым мени колдошту. Бул үчүн мен аларга абдан ыраазымын", - деди депутат.

Вице-спикер Аида Касымалиева эгерде бул маселени жыйында кароого мыйзам жол берсе, күн тартибине киргизилет деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4592