Кыргызстандын аэропортторунда ПЦР-анализин тапшыруу үчүн лабараториялар пайда болот
RU

Кыргызстандын аэропортторунда ПЦР-анализин тапшыруу үчүн лабараториялар пайда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү аэропорттордо транзиттик жүргүнчүлөргө ПЦР-анализин тапшыруу үчүн лабораториялар уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда өткөн брифинг учурунда "Манас" аэропортунун директорунун орун басары Бакытбек Бекбача уулу айтты.

Анын айтымында, өкмөт жана "Манас" аэропорту Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жүргүнчүлөр коронавирусту андан ары таркатуусун алдын алуу максатында атайын алгоритм иштеп чыгышкан.

Бекбача уулу билдиргендей, чет өлкөдөн келген жарандар учакка отураар алдында ПЦР-анализдерин көрсөтүүгө милдеттүү. Бортко коронавирустун клиникалык белгилери жок жана ПЦР-анализи каршы чыккан жүргүнчүлөр гана отургузулат.

Мындай талаптар буга чейин чет өлкөлүк жарандарга гана колдонулуп келсе, 23-январдан тартып, бул алгоритм Кыргызстандын жарандары үчүн да колдонулат, - деди компаниянын өкүлү.

Андан тышкары Кыргызстанга учуп келген жарандарга атайын анкета таратылат, жүргүнчүлөр аны толтуруп, аэропорттун кызматкерлерине берүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/460