Бишкекте белгисиз адам балконунан туруп мылтыкттан ок аткан. Видео
RU

Бишкекте белгисиз адам балконунан туруп мылтыкттан ок аткан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка эркек киши балконунан туруп мылтыктан ок аткан видео тараган. Видеодогу киши соо эмес көрүнөт. Белгилүү болгондой, окуя Бишкек шаарында болгон, анткени ал Бишкектеги көчөлөрдүн аталышын айтат.

Биринчи май районунун басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Аларга шаардын тургуну кайрылып, бейтааныш адамга карата чара көрүүнү суранган. Анткени ал 27синен 29-ноябрга чейин коркутуп, жолугушууну сунуштап, коркутууларды камтыган видеолорду жөнөткөн. Окуя КРдин Жазык Кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш чараларынын натыйжасында борбордук милиция 36 жашар эркек кишини кармап, Биринчи май ИИБсине алып келишкен.

Ал кишинин жашаган жеринен тинтүү жүргүзүлүп, ал өз ыктыяры менен "Сайга-12" үлгүсүндөгү мылтыкты, анын эки магазин көлөмүндө окторун, ПМ "МР-80-13Т" үлгүсүндөгү газо-травматикалык тапанча бир магазин октору менен, жана 118 ок жана эки гильзаны өткөрүп берген.

Учурда ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө, деп ведомство маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4610