Жыйынтыктарды кол менен эсептөө. 2-декабрь саат 13:00гө карата маалымат
RU

Жыйынтыктарды кол менен эсептөө. 2-декабрь саат 13:00гө карата маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-декабрда, саат 13:00дө БШК парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен саноодо протоколдордун 65,76%ы боюнча маалымат берди.

Учурда алты партия 5%дык босогодон өттү. Жалпысынан 1640 протокол саналып бүткөн, шайлоо участкаларынын жалпы саны 2494тү түзөт. УШКлардын бири жокко чыгарылган.

1-декабрда саат 10:00дө маалымат берүүдө кайрадан көйгөйлөр жаралган. БШКнын сайтында 40 мүнөттөй маалымат көрсөтүлгөн эмес.

БШК добуш берүү маалыматтарын жалпы коомчулукка толук түшүнүктүү болушу үчүн таблица түрүндө жарыялоону сунуштайт.

Учурда парламентке өтүү үчүн алты партия керектүү сандагы добуш алганы белгилүү болду:

  • "Ата Журт Кыргызстан" – 15,85%.
  • Ишеним – 13,44%.
  • Ынтымак - 12,52%.
  • Альянс – 7,46%.
  • "Бүтүн Кыргызстан" – 6,33%.
  • Ыйман Нуру 6,82%.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4615