Жапаров ЖКнын депутаттарынын айлыгын азайтып, кызматтык унаасынан, батиринен ажыратты
RU

Жапаров ЖКнын депутаттарынын айлыгын азайтып, кызматтык унаасынан, батиринен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарынын чыгымдарын кыскартуу боюнча чаралар көрүлүп, тактап айтканда, депутаттардын кызматтык маяналары кыскартылды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом, ал эми анын орун басарлары үчүн 27 миң сом деп белгиленди.

Ал эми парламенттеги фракция лидерлери менен комитет төрагаларынын айлыгы 26 миң сом, калган депутаттардын айлыгы 25 миң сом болот.

Жарлыкта ошондой эле республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Жаңы токтомдо компенсация төлөө жоюлуп, кызматтык унаалар да жокко чыгарылып, азыркы кызматтык батирлер турак-жайы жок парламенттин депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4616