Инаугурацияга 15 млн сарпталат. Төш белги менен штандарт кандай болот азырынча белгисиз
RU

Инаугурацияга 15 млн сарпталат. Төш белги менен штандарт кандай болот азырынча белгисиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 21-январда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда инаугурациянын уюштуруу комитети азырынча жолугуша элек, ошондуктан салтанаттуу аземдин деталдары талкуулана элек, деп билдирди.

"Биз бардык деталдарды талкулоо үчүн бүгүн кечинде чогулабыз. Төш белги жана штандартты даярдоо маселеси боюнча сүйлөшө элекпиз", - деди ал.

Күбөлүктү, Садыр Жапаровдун аты жазылган штандарт менен төш белгини иннаугурация учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы тапшырат.

Ошондой эле ал, салтанатту аземдин толук сметасы канча болгонун билбей турганын айтты. Мындан мурун, президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов инаугурациянын баасы - 15 млн сомду түзөт, деп билдирген.

"Ал көбүрөөк маалыматка ээ, анткени ал уюштуруу комитетинин төрагасы", - деп Шайлдабекова кошумчалады.

Ошондой эле инаугурация учурунда чет элдик коноктор болбой турганы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп аныктады. Чечим кечээ, 20-январда жыйын учурунда кабыл алынды.

Белгилүү болгондой 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол бекитилген. Президенттик шайлоо болду деп таанылды.

Садыр Жапаров 1 млн 105 миң 248 добуш алган, башкача айтканда шайлагандардын 79,2% ага өз добушун беришкен, ошону менен ал Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти болуп саналып калды.

Ошол эле токтомдун негизинде ал Кыргызстандын президенти катары каттоого алынды. Кызматына киришкенде, ага өзгөчөлүк белгилери берилет.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү добуш беришкен, экөө каршы болду. БШК Гульнара Джурабаева жана Адилет Сатыгуловдун өзгөчө пикирлерин эске алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/461