"Анын тушунда адам өлтүрүлүп, иттей көмүлгөн". Карамушкина Сатыбалдиевдин жеңиши тууралуу
RU

"Анын тушунда адам өлтүрүлүп, иттей көмүлгөн". Карамушкина Сатыбалдиевдин жеңиши тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Ирина Карамушкина Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоодо талапкер Элмурза Сатыбалдиевдин жеңиши боюнча пикирин билдирди.

"Коркок, кекчил бийлик. Бакиевдердин тобу да дээрлик баары чогулуп калды. Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин экс-башкы прокурору. Анын тушунда Медет Садыркулов өрттөлүп, журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн, Руслан Шаботоевди өлтүрүлүпп, жол жээкке итке окшоп көмүлгөн. Жусупжан Жээнбековдун уулун да баласын бала бакчага алып баргандан кийин өлтүрүп кетишти... Анан бир да иштин бетин ачкан жок. Эми Элмурза мыйзам чыгаруучу органга депутат болуп отурат! Кандай адилеттүү жана өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсү тууралуу сөз кыла алабыз же дагы жөн эле кыял боюнча калабы? Саясий куугунтук күч алууда!" – деп жазды Карамушкина социалдык тармактардагы баракчасына.

Белгилей кетсек, бюллетендерди кол менен саноонун жыйынтыгында Элмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунда 72,71% добуш алган.

Эгерде талапкер маалымат боюнча комментарий берүүнү кааласа, төмөнкү даректерге байланыша алат:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4626