Бажыда иштеген Исаматов мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болду
RU

Бажыда иштеген Исаматов мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Данияр Исаматов министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Башкармалыктын дагы бир орун басары болуп Рамис Алыкулов дайындалды.

Дайындоо боюнча жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, Исаматов өз учурунда, 2013-жылы Мамлекеттик бажы кызматында кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Ал эми Алыкулов Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

Буга чейин Садыр Жапаров Олег Тарбинский менен Абдулазим Курмановду Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлык кызматынан четтеткен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4630