Бишкекте, түндө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Видео
RU

Бишкекте, түндө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Nissan үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндө (Тыналиев менен Бакаев көчөлөрүнүн ортосунда) болгон. Кагылышуунун чоо-жайы азырынча толук белгилүү боло элек.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, айдоочу улгайган адам. Ал кырсык болгон учурда эс-учун жоготуп койгон. Жарым сааттын ичинде окуя болгон жерге тез жардам жана кайгуул кызматы келгени айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4643