Үйлөнүүдөн баш тарткан жигитинин манжасын сындырып салды
RU

Үйлөнүүдөн баш тарткан жигитинин манжасын сындырып салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында кыз үйлөнүүдөн баш тарткан жигитинин сөөмөйүн сындырып, сабап салды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык тез жардам кызматынын "Тез жардамдагы дарыгер" бейрасмий аккаунту жазып, жарыялап чыкты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, жабырлануучу 20 жашта. Ал кыз менен эки жыл сүйлөшкөн. Бул убакыт аралыгында алар жыныстык катнашка барышкан эмес. Бирок, жигит кыз менен алгачкы жолу жыныстык катнашка баргандан кийин, экөө бири-бирине ылайыктуу эмес экенин түшүнгөн.

Андан соң ага үйлөнбөй турганын айткан.

Жигиттин бул чечими кыз-жигиттин ортосунда түшүнбөстүктү пайда кылып, кыз жигиттин манжасын сындырып, сабап салган.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуга керектүү жардам көрсөтүлгөн.

Учурда бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат.

Кийин бул окуя Бишкекте эмес Москва шаарында болгону белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4647