Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган жаран эки айга камакка алынды
RU

Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган жаран эки айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган Cadillac үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы шектүү жаранга "курал колдонуу менен жасалган бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылып, 3-февралга чейин камакка алынган.

Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Москвадагы көчөлөрдүн биринде эки адамдын ортосундагы пикир келишпестиктен улам бири-экинчисине травматикалык тапанчадан ок чыгарып, натыйжада 34 жаштагы Кыргыз жараны жаракат алган. Окуянын катышуучулары Дмитрий Махалов жана Алманбет Абдрахманов аттуу такси кызматында иштеген Кыргыз жараны болгон. Алманбет Абдрахманов алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуяга комментарий берип, жабырлануучу 1998-жылы туулган А.А. Кыргызстандын жараны, учурда ооруканада жатканын тастытаган.

Элчилик бул маселени өз көзөмөлүнө алып, Алманбет Абдрахмановго тиешелүү консулдук жардам көрсөтөт, - деп билдирүүдө жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4648