Түштүк Кореядан келген турист тоодон каза болду
RU

Түштүк Кореядан келген турист тоодон каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМдин куткаруучулары Түштүк Кореядан келген туристтин сөөгүн тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 4-декабрда саат 113:22де туристтер тобу Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнө бет алышкан. 70 жаштагы Түштүк Кореянын жараны белгисиз себептерден улам эс учун жоготкон.

Окуя болгон жерге Токмок шаарынын №21-байланыш бөлүмүнөн төрт куткаруучу жөнөп кеткен. Алар туристтин сөөгүн тоодон түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4649