Рафаэль Физиев каршылашын бир тээп нокауттка кетирди
RU

Рафаэль Физиев каршылашын бир тээп нокауттка кетирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мушкер Рафаэль Физиев UFC'нин кезектеги турнирине катышты. Рафаэлдин каршылары Жаңы Зеландиялык Брэд Риделл болду. Физиев аны үчүнчү райндду айланып бир тээп нокаутка кетирди.

Эскерте кетсек, Күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев Instagram баракчасына Рафаэль Физиевди диний негизде кемсинткен комментарий калтырган. Рафаэль да ага катуу жооп кайтарган. Бул кызуу талкууну жаратып, ага айрым диний лидерлер да аралашкан. Кийин ал пост жана бардык комментарийлер өчүрүлгөн.

Физиев жеңил салмактагы чемпион жана жакында эле UFCнин мыкты 15 мушкеринин катарына кирген. Ал 14-орунду ээледи, бул рейтингде акыркы болуп орусиялык мушкер Арман Царукян турат. Ал акыркы беттешин 7-августта америкалык Бобби Грин менен өткөрүп, UFC 265 турниринде жеңишке жеткен.н

Физиев мындан ары Кыргызстандын атынан рингге чыкпай турганын жар салган. Ал Муфтият тараптан басынтуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын желегин коргобой турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4651